Араванда «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын лидери кармалды

Ош облусунун аймагында «экстремист» аталыштагы ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Ош облусунун Араван районунун 53 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын аймагында үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний экстремисттик агымынын идеялогияларын колдоп жана аларды үгүттөп, 2022-жылдын февраль айына чейин жашыруун түрдө башка облустун аймактарынан аталган диний экстремисттик тобунун мүчөлөрүн алып келип, үгүт-насаат иштерин жүргүзүп жүргөндүгү аныкталган. Анын турак жайына тинтүү жүргүзүлүп, диний экстремисттик маанидеги материалдар аныкталып, алынган. Кылмышка шектүү катары кармалган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.