Араванда жөө жүргүнчүнү сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды

24-августта  кечки саат 21:30 чамасында Ош облусунун Араван районунун Бирлик айылында айдоочу 1982-жылы туулган жаранды сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен жаран денесинен жараат алып, Араван райондук ооруканага жеткирилген. Кылмышка шектелип, 1956-жылы туулган жаран кармалды. Шевролет Спарк унаасы атайын убактылуу айып короого токтотулган. Азыркы учурда тийиштүү эспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.