Араванда үйүнө кирип барып, келинди зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

Араванда зордуктоого аракет кылган шектүү кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

27-сентябрь күнү Араван райондук ички иштер бөлүмүнө Дөбө-Коргон айыл аймагынын 1992-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнүн үйүндө балдарына тамак жасап жатканда, ушул эле айылдын тургуну кирип барып, эшиктерди жаап, зордуктаганга аракет кылгандыгын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Араван районунун 1996-жылы туулган тургуну шектүү катары кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.