22-январь күнү Араван РИИБге Достук айыл аймагына караштуу Маданият айылында бала зоо-таштан кулап, каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө маркум Араван районунун Достук айыл аймагына караштуу Маданият айылынын Сасык-Үңкүр участогунун тургуну 2011-жылы туулган өспүрүм экени аныкталган.
Маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, күбөлөр суралган. Ал эми маркумдун ата-энеси окуя боюнча эч кимге эч кандай арыз дооматтары жок экендигин билдиришкен. Учурда текшерүү иштери уланууда.