Аравандагы үйгө 4 киши кирип, 54 жаштагы кишини өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн жаран кармалды

Араванда адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

29-январь күнү милиция тарабынан Араван районунда адам өлтүрүү фактысына шектелип, издөөдө жүргөн Араван районунун 29 жаштагы тургуну Ош шаарынан кармалды. Жаран 21-ноябрь күнү саат 02:00 чамасында өзүнүн 37, 36 жана 30 жаштагы шериктери менен алдын ала сүйлөшүп, Араван районунун 54 жаштагы жашоочусунун үйүнө киришип, аны өлтүрүп, издерин жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 122-беренесиндеги (адам өлтүрүү) кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран 2021-жылы болгон адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөн. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.