Арча-Бешик конушунда эркек кишинин жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан денеге оор залал келтирген шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 18-октябрда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Арча-Бешик конушундагы кароолчулар будкасынын жанында эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге Ленин РИИБдин кызматкерлери барган. Алар ошол жердеги цехте иштеген кароолчу 17-октябрда дагы бир жаран менен спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, уруша кетишкенин, кароолчуну жаран бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткенин аныкташкан. Эркек киши алган жаракатынан 18-октябрда болжол менен саат 08:00 чамасында көз жумган.

Факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 138-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган жаран кармалып, соттун чечими менен 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.