Арча-Бешикте ташталган ымыркайдын 20 жаштагы апасы үй камагына чыкты

Арча-Бешикте ташталган ымыркайдын 20 жаштагы апасы үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Ленин РИИБ окуя 19-ноябрда саат 22:45 чамасында катталганын билдирген. Милицияга Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды баштыкка байлап, кутуга салып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Кылмышка шектелип, 20 жаштагы келин кармалган.