Аркан үзүлүп кетип каза болгон жаран. Спорттук комплекстин кожоюну кармалды

Кечээ, 6-июлда саат 13:30 чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан Flyjump спорттук комплексинде жардан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жаран ошол жерде каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

Жабырлануучунун туугандарынын арызы жана топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш кодексинин 297-беренесинде (керектөөчүлөргө кооптуулук жаратуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип 1996-жылы туулган Н.А. аттуу Flyjump спорттук комплексинин кожоюну кармалып, тергөө изоляторуна киргизилди.