“Кышты жоюп койдум” деген Арстан Алай камакта калтырылды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Октябрь райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, ал 15-январга чейин камакта калтырылган.
Арстан Алай дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жаткан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын УКМКда экени маалым болгон. Ал «диний кастыкты козутуу» беренеси менени айыпталып жатат.