Арстан Алай табылды. Анын УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду

Кышты жоюп койдум” деген Арстан Алай дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жаткан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиргендей, анын УКМКда экени маалым болду.

Ал «диний кастыкты козутуу» беренеси менени айыпталып жатат. Кылмыш ишин козгоого Абдылдаевдин Facebooк, Instagram жана YouTube социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Чүй облусунда жашаган жеринде тинтүү жана лекцияларды (мантра деп аталган) өткөрүүнүн натыйжасында көп сандагы адабияттар, атап айтканда китептер, брошюралар жана дептерлер алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Абдылдаев УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.