Арстан Алайдын өлүмү боюнча Башкы прокуратура кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура тарабынан Арстан Алай каза болгон фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Жазаларды аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жооптуу кызмат адамдары “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарын аткарбай, айыпкер Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктүн натыйжасында 5-январда 31-мекемеде Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү Аскер прокуратурасына тапшырылды.