Арстанбапта сел жүрдү. Видеолор топтому

Алдын ала маалымат боюнча Базар-Коргондун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбап айылында кечээ, 23-июлда саат 18:30 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.

Жол каттам ачык. Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам топ тартылган.