Бишкек шаарында жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу үйүнөн табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын Лермантов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жайгашкан мектеп жанындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан адамдарды белгисиз айдоочу Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчүлөрдүн бири 8 жаштагы бала ооруканага кайрылган.
Милиция кызматкерлери тарабынан издөө ыкчам иштеринин жыйынтыгында 2006-жылы туулган Ысык-Ата районунун тургуну экендиги аныкталып, айдоочу үйүндө жаткан жеринен алынып келип, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Honda Stepwgn унаасы айып короого киргизилди.