«Артында 2 уулу калды». Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсыкта каза болгон аял тууралуу жакындары маалымат беришти

19-июль күнү саат 07:50 чамаларында Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо-3 конушунун Элмирбек Иманалиев атындагы көчөсүндө үрөй учурган жол кырсыгы орун алды. Эл ташуучу №169 кичи автобусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон токтоп жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда ошол эле тарапты көздөй бара жаткан чоң жүк ташуучу унаасынын айдоочусу кичи автобусту артынан сүзгөн. Кеспетинен 23 адам жаракат алып, 1 аял каза болгон. Ал эми бүгүн, 24-июлда дагы бир аял каза болгонун билдиришкен. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынган.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы маалымат таратып, кырсык болгон жерде каза болгон аялдын 34 жашта экенин билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркум Дүйшөк кызы Света аттуу жарандын жакындары менен байланышканыбызда, анын 43 жашта болгонун, 27-декабрда 44 жашка толмок экенин билдиришти.

«Жеңем 1979-жылы туулган. Ат-Башы районундагы Калинин айылында жерге берилди. Бул жеңемдин күнүмдүк эле каттамы болчу. № 173 кичи автобус менен келип, №169 кичи автобуска отуруп, жумушка барчу. 23 жылдан бери талыкпай Мамлекеттик каттоо кызматында эмгектенип келген. Артында 9 жана 8-класс окуган уулдары калды»,— деди кайниси.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.