Асанбай кичи районундагы батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кечээ, 26-январда Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан Асанбай кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн батиринен 1953-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар саат 10:22де батирдин бекилип калган эшигин ачып, жансыз денени табышкан. Алар аны Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.