Асанбай кичи районунда суу өтө турчу лотоктон жансыз дене табылды (сүрөт)

Асанбай кичи районундагы үйдүн жанында суу өтө турчу лотокто болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.