Асел Ногойбаеванын адвокаты сот мыйзамда каралган эң жогорку жазаны бергенин айтты

Асел Ногойбаеванын адвокаты сот мыйзамда каралган эң жогорку жазаны бергенин айтты. Бирок ал кылмышкер толугу менен 20 жыл абакта отурбай калышы мүмкүн деп тынчсызданууда. Бул тууралуу Спутник жазды.

“Мунапыс же шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу болушу мүмкүн. Буга чейин 8 жылга кесилген мөөнөтү да ушуга кошулуп калат. Азыр ал 1,5 жыл отурду деп эсептелет. Мен Аселдин туугандарына ичим ачышып жатат. Мыйзамдар ушундай экен. Эң жогорку жаза ушул болду”, — деди Индира Сутуева.