Ашказанына 30 грамм гашиш алып абакка өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Жаза аткаруу кызматынын ыкчам кызматкерлери анын ашказанына баңгизат ташып жүргөн наркокурьерди аныкташкан.

ЖАМКтан 26-апрелде билдиргендей, абактагы жаран медициналык шприцтин баллонунан жасалган 3 контейнерди жутуп алган, анын ичинде 30 грамм гашиш болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.