«Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы бөлүнгөн акчаны өз чөнтөктөрүнө кымырып, мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтирген

«Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери дарылоо-обсервациялык пунктуна кайрадан жабдууга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын өз пайдаларына кымырып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынын коронавирус инфекциясынын алкагында “Ганси” техникалык колдоо борборунун имараттарын жана курулуштарын дарылоо-обсервациялык пунктуна кайрадан жабдууга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын өз пайдаларына сиңирип алган фактысы аныкталган.

Анда  «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары курулуш иштерин жүргүзүүдө айрым курулуш ишканалары менен жең ичине сүйлөшүп аткарылган иштердин көлөмүн негизсиз жогорулатып, колдонулган материалдардын жана жабдуулардын баасын атайлап кымбаттатып, аткарган иштери жөнүндөгү актыларга бир эле иштин түрүн кайталап көрсөтүүгө жол беришкендигинин натыйжасында мамлекетке 2 млн 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.