Бүгүн, 14-декабрда Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылында аскер кызматкерлеринин катышуусунда кырсык катталып, 65 жаштагы жаран каза болду.
Маалыматка ылайык, эркек киши үйүнүн жанында экскаватордун иштеп жатканын карап турганда, аны Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Унаа тургундан кийин экскаватордун айдоочусун сүзүп барып, короонун дубалына урунуп токтогон.
Айдоочу, 25 жаштагы аскер сержанты жана унаанын ичинде дагы башка жоокерлер болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу рулду башкара албай калган. 65 жаштагы тургун окуя болгон жерде каза болгон. Унаадагы үч жүргүнчү жаракат алып, алар ооруканага жеткирилген.
Ал эми унаа айып короого киргизилген.






