Аскердик институтта кызмат өтөп жүргөн жоокердин каза болушу. Иш сотко өттү

10-08-2021 г. Гродненская область. Гожский полигон. Комплексное оперативно-тактическое учение с Гродненской пограничной группой. Военнослужащие мобилизационного резерва. Ботинки, берцы, ноги. Армия, учения пограничников, пограничники. Фото Александра Кулевского

18-августта Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун окуу процессин камсыздоочу батальондун аскер кызматкери өзүн-өзү атып алган. 

Шаардык аскер комиссариатынын Каракол бөлүмү тарабынан чакырылган 2003-жылы туулган катардагы жоокер кароолдо жүрүп, өз алдынча ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон. Кылмыш боюнча кароол башчысы кармалган.

Соттун маалыматына караганда, кармалган прапорщик үй камагына чыккан. Иш 18-октябрда сотко өткөн.