Аскерлерге зомбулук көрсөткөн 3 жетекчи камакка алынды (сүрөт)

Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү иштерин жүргүзүүдө Коргоо министирлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин жооптуу кызмат адамдары тарабынан аскер кызматкерлерине карата зомбулук көрсөтүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иштин алкагында зомбулук көрсөткөн аскер бөлүгүнүн 3 жетекчиси камакка алынды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары такталууда.