Аспеков «Жапыкеевге көрсөтмө берсем, кылмыш иши да болмок эмес» дейт

Бүгүн, 20-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мелис Аспековго карата соттук териштирүү өттү. Аспековдун айтымында, ага карата эч кандай далил жок.

«Мыйзам боюнча мага бир жылдан ашуун СИЗОдо кармалууга болбойт, ошондой учурда да мага карата мыйзам иштебей жатат. Башымдан оор операцияны өткөрдүм, үй камагына чыгарышы керек эле, бирок мында да мыйзам иштебей жатат», — деди ал.

Мелис Аспековдун айтымында, Сыймык Жапыкеевге көрсөтмө бербей, тергөө менен кызматташууга барбай койгону үчүн ага карата дагы бир кылмыш иши козголгон. «Эгерде Жапыкеевге каршы көрсөтмө берсем, эч кандай кылмыш иши да болмок эмес. Эгерде эч нерсе болбосо, мен анда кантип көрсөтмө берем», — деди Аспеков.

Өткөн жылдын январь айында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активист Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу. 21-майда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулган. 11-августта  Мелис Аспековдун жүрөк оорусу кармап, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Ал эми сентябрь айында жүрөгүнө операция жасалган.