Аспековдун иниси дагы кармалды. Эмнеге шектелүүдө?

Чүй облусунда жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык менен шугулданган жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

29-апрелде Аламүдүн РИИБге 1990-жылы туулган жаран 2 жаранга чара көрүп берүүнү суранып, арыз менен кайрылган. Бул жарандар 2023-жылдын март айында Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы жер тилкесин көрсөтүп, ал жерге көп кабаттуу үй курууга макулдашкан. Андан соң, ошол эле жылдын апрель айында экөө жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, бул жер тилкесине тиешелүү документтерди бүтүрүүгө жардам берем деп, арыз ээсинин анын кымбат баалуу унааларына ишеним кат жаздырып алышкан, бирок бул жер тилкесинин документтери бүткөрүлбөстөн, алдоо жолу менен ири өлчөмдөгү акчаны алып, изин жашырышкан. Бул факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Б.С. жана А.А. аттуу жарандардын алдамчылык кылмыш аракеттери менен С.М. жана Д.М. аттуу жарандарга жалпы 41 277 310 сомдук материалдык зыян келтирилген. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган А.А. жана 1967-жылы туулган Б.С. аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар А.А.нын Мелис Аспековдун бир тууганы Азамат Аспеков экенин билдиришти.

Азамат Аспеков буга чейин да президенттин атын жамынып, алдамчылык кылууга шектелип кармалган.