Аспековдун иниси президенттин атын жамынып, алдамчылык кылууга шектелип кармалды

Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков президент Садыр Жапаровдун атын жамынып, алдамчылык кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Бишкектин тургунуна «Сары-Өзөн» базарынан жер тилке алып берүүнү убадалап, 44 миң доллар өлчөмүндө акчасын алып, кийин из жашырып кеткен. Бул факты боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, тергөө изоляторуна киргизилген. Милициядан кармалган жаран башка кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн деп билдиришти.

Ушул жылдын март айында Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал өткөн жылдын январь айында пара талап кылууга шектелип кармалып, кийин ага карата «алдамчылык» беренеси боюнча да кылмыш иши козголгон.