Астанадагы автобус кырсыгы. Буту кесилген 8 жаштагы кыздын абалы айтылды

Астананын саламаттыкты сактоо департаменти автобустун катышуусундагы кырсыктан жабыркагандардын ден соолугунун абалы тууралуу маалымат берди. 

Маалыматка караганда, бир бейтап реанимациядан травматология бөлүмүнө которулган. Абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок.

«Кыз реанимацияда жатат, бирок эси жайында. Анын өмүрүнө коркунуч жок, абалы туруктуу оор, бирок мурункудай абалы начарлабай эле. Үчүнчү бейтап дагы травматология бөлүмүндө жатат», — деп билдиришти шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынан.

Мекеме ошондой эле бутунан ажыраган 8 жаштагы жабырлануучу реанимациядан травматология бөлүмүнө которулат деген үмүтүн билдирди. «Апасы жанында болот, кыз менен да, эне менен да психологдор иштешет», — деп айтылат маалыматта. 

Казакстандын Астана шаарында автобус жол кырсыкка кабылган. Айдоочу жолдогу мамыны сүзгөн. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, айдоочу автобуска ээ боло албай калган. 15 адам ооруканага жеткирилди. Алардын 12си текшерүүдөн кийин үйүнө жөнөтүлдү, үчөө оор абалда болчу.