Астраханда 20 адам баңгизатка ууланган. Шектүүлөрдүн арасында кыргызстандык бар

Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Астрахань облусунда баңги затын тараткан деп шектелген чет элдик жарандардын тобун кармашты. Бул тууралуу «Интерфакс» жазды.

«Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын үч жараны Ставрополь өрөөнүндө полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Астраханга жеткирилди», — деди ИИМдин өкүлү Ирина Волк.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Астрахандын 20 тургуну буга чейин белгисиз заттан уулануунун белгилери менен реанимацияга жаткырылган. «Жабырлануучулар бир күн мурун синтетикалык баңги затын колдонушкан», — деп түшүндүрдү ИИМдин расмий өкүлү.

Факты боюнча кылмыш иши козголду.