Асылбек Жээнбеков эркиндикке чыкты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-декабрда депутат Асылбек Жээнбековду камактан бошотту. Судья Нурдин Ибраимов УКМКнын тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырып, баш коргоо чарасын жокко чыгарды.

Буга чейин Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депуттарын жоопко тартуу үчүн уруксат сураган. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия аларды жоопко тартууга уруксат берген эмес.

Жээнбеков УКМК тарабынан 31-майда кармалып, анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга камакка алган.