Асылбек Жээнбеков УКМКга суракка чакыртылды

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси «Кумтөр» компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин күбөсү. Асылбек Жээнбеков компаниянын «Centerra Gold» менен түзүлгөн келишимдеринин бири боюнча суракка алынары белгилүү болду.