«Асып салгыла, колунан эле байлагыла». Таласта мал базарда чөнтөкчү кармалганы тууралуу видео тарады

Соцтармактарда бүгүн, 30-апрелде Таласта мал базарда чөнтөкчү кармалганы тууралуу видео тарады. Анда «ууруну асып салгыла, жок, колунан байлап койгула» деп чуру-чуу түшкөн элди көрүүгө болот. Арасында милиция кызматкери жүргөнү менен элдин көптүгүнөн көзөмөлгө алуу оор болуп турганы да байкалат.

Маалыматтарга караганда, мал базарда уурулук кылган адамды кармалып, чөнтөгүнөн 150 миң сомдой каражат таап алышып, аны сабап, анан эки колунан байлап коюшкан.

Милициядан жогорудагы окуя болгону тастыкталды. «Бул иш катталып, учурда чара көрүлүп жатат» дешти.