Ат-Башыда катталган жол кырсыгы 3 адамдын өмүрүн алды

Ат-Башыда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Маалыматты ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Кечээ, 13-августта болжол менен саат 16:05 чамасында 2002-жылы туулган айдоочу Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 378-чакырымында каршы тилкеге чыгып, Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаадан үч адам окуя болгон жерде көз жумган. Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.