«Ат-Башыда келинин өлтүрүүгө шектелген кайнага карт бойдок эле». Маркум тууралуу кошунасы айтып берди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 38 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип, андан кийин өз жанын кыйган деп айтылып жаткан 50 жаштагы эркек киши бойдок болчу. Бул тууралуу маркумдун кошунасы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, Женя жана Толик аттуу жарандар бир туугандар. Каза болуп калган келин Толиктин жубайы болгон. Ал эми агасы Женя такыр үй-бүлө күткөн эмес. Женя менен Толик устачылык менен алек болуп, өз эмгеги менен үй алып, оокат кылып келишчү. Алар адамга эмес, чымынга да зыяны жок адамдар эле. Бул окуя кандай болуп кеткенине баарыбыз таң калып жаткан учурубуз” ,— дейт кошуна.

16-июнь күнү Ат-Башы айылындагы токойдун жээгинде “Женя” аттуу адамдын жансыз денеси асылган абалда табылган. Окуя болгон жерге маркумдун бир тууган иниси чакыртылганда ал кечээги күндөн тарта, тактап айтканда, 15-июндан баштап 1983-жылы туулган аялы дайынсыз жок болуп жаткандыгын айткан. Аялдын сөөгү окуя болгон жерден алыс эмес жерден табылган. Ат-Башы РИИБнин тергөөчүлөрүнүн болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык, аялды анын бир тууган кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң, ал өз жанын кыйган.