Ат-Башыда мал издеп кеткен 47 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Ат-Башыда мал издеп кеткен 47 жаштагы жарандын жансыз денеси суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 27-июнь күнү 1975-жылы туулган киши Чет-Келтебек тилкесине мал издегени кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу, ИИМден 11 кызматкер жана 15 жергиликтүү тургун тартылып, жансыз денеси Чет-Келтебек суудан табылып туугандарына өткөрүп берилди.