Ат-Башыда токойчу 10 миң сом пара алууга шектелип кармалды

Кечээ, 28-февралда пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келип түшкөн билдирүүгө ылайык, 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда Нарын облусунун Ат-Башы районунун токой чарбасынын жумушчусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Шектүү буга чейин да ушундай эле аракети үчүн жоопко тартылган. Ошол эле учурда, 2015-жылдан 2018-жылга чейин “АКНК” (Коррупцияга каршы элдик көзөмөл) коомдук уюмунун активдүү мүчөсү болгон. Ал узак убакыттан бери жарандардын бирин мурда жумушка орноштургандыгы үчүн коркутуп-үркүтүп жана опузалап акча талап кылып жүргөн.

Шектүү кызмат адамы эмес болгондугуна байланыштуу ага башка жакка кетпөө жөнүндө бөгөт коюу чарасы коюлду. Учурда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.