«Ата-энелер өз ара келишип алабыз». Жалал-Абадда окуучу бычактан жаракат алды

25-декабрь күнү Жалал-Абад облустук балдар клиникасынын дарыгери милицияга кабар берип, ошол эле күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 14 жаштагы окуучу шаардагы №8 орто мектептин короосунда дагы бир окуучу бала сол бутуна учтуу нерсе менен бир жолу сайганын билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Натыйжада жабырлануучу Жалал-Абад облустук балдар клиникасына кайрылып жардам алып чыгып кеткен. Аталган маалымат катталып, териштирүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин тергөө ыкчам тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, текшерүү учурунда жабырлануучунун бир тууган агасы күбө катары суралып, ал өз көрсөтмөсүндө 25-декабрь күнү №8 орто мектептин короосунда инисин досу №1 орто мектептин 9-класстын окуучусу эч себепсиз учтуу нерсе менен сол бутуна сайып жибергендигин, себебин так билбегендигин жана окуя боюнча арыз жазуудан, экспертизадан өткөрүүдөн баш тартабыз деп билдиришкен. «Шектүүнүн ата-энеси биздин кошунабыз, ата-энелер өз ара келишип алабыз» деп билдирген.