Караколдо адашып кеткен 11 жашар кыз атасына аман-эсен өткөрүп берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 11 жаштагы кыз Ак-Суу районунан Каракол шаарына өз алдынча барып, адашып кеткен. Адашканын Каракол шаарынын тургуну байкап калып, милицияга кайрылган. Сүйлөшүү учурунда, кыз 2011-жылы туулганын айткан. Өз сөзү боюнча, ал айылдан маршруттук такси менен жалгыз келип, андан соң Каракол шаарында жашаган бир тууган эжесин үйүнө бара жатып, үйдү таппай адашканы жөнүндө билдирген.
Териштирүүдө өспүрүм үйдөгүлөрүнүн уруксаты жок шаарга барганы жөнүндө белгилүү болгон. Ошондой эле кыздын туруктуу жашаган айылы белгилүү болгондуктан, милиция кызметкерлери тарабынан дароо эле атасы табылып, тапшырып берилди.