Атай Бейшенбек: «Бизге сырттан телефон киргизүү мүмкүн эмес»

«Бизге сырттан телефон киргизүү мүмкүн эмес. Кирип чыккан сайын кылдат атайын аппарат аркылуу тинтүү кылат жана камера оозунда бир эмес, эки видеокөзөмөл турат». Бул тууралуу айтылган билдирүү жарандык активист Атай Бейшенбектин соцтармактагы баракчасында жарыяланды.
«Бул сөздөрүмдү Кемпир-Абад боюнча камалгандардын көбү тастыктап берет. Интрига жасаган жетекчилерге коом жана өлкө башчысы баа берип, чечим кабыл алуусу керек», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин жарандык активист Атай Бейшенбек уулу айып изоляторуна киргизилгени маалым болгон.