Атай Бейшенбек уулу айып изоляторуна 3 күнгө киргизилгени маалым болду

Жарандык активист Атай Бейшенбек уулу айып изоляторуна киргизилгени маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жазаларды аткаруу кызматы менен байланышканыбызда анын айып изоляторуна 3 күнгө киргизилгени маалым болду.

Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесинде (СИЗО-1) Атай Бейшенбек уулу айып изоляторуна киргизилген. Себеби мерчемделген тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда айыпталуучудан REDMI үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылган.

“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, айыпкер жана соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды колдонгондугу жана сактагандыгы үчүн мекеме жетекчисинин токтому менен чара көрүлгөн. Буга чейин дагы 2022-жылдын 22-декабрында тинтүү иш чарасында жанынан уюлдук телефон табылып, мекеме жетекчилиги тарабынан сөгүш жарыяланган.