11 журналист боюнча сот өкүмү 10-октябрда чыгат

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда иши каралып жаткан Болот Темировдун командасында иштеген 11 журналистке сот өкүмү 10-октябрга калтырылды.

Маалыматка караганда, бүгүн журналсттер жарыш сөзгө чыгышмак, бирок убакыттын тартыштыгына байланыштуу аягына чыкпай калган.

Ушул жылдын 17-январында Бишкектин Биринчи Май райондук соту 11 журналистти камакка алган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыкка чакыруу) боюнча шектелүүдө.