Атамбаев: «9-октябрда мени аткандарды кармап келип, камабайбы?»

«9-октябрда мени аткандарды кармап келип, камабайбы?». Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунда журналисттерге билдирди.

«Бул соттук процесс уят, цирк экенин көрүп жатасыңар. 5-6-октябрь күндөрү түрмөдө отуруп биз уюштуруптурбуз. Садыр Жапаров өзү «мен уюштургам» деп айтпады беле? «Коммерсант» басылмасына ошентип маек берген. 9-октябрдагы окуяны Сооронбай Жээнбеков Текебаев менен Бабановго «мен баарын уюштургам» дептир. Атамбаев өзүн өзү аттырган деп Садыр Жапаров айткан эле. Анда кармап алып келбейби, камабайбы?» — деди экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Биринчи Май райондук сотунда Октябрь айындагы окуялардагы башаламандык тууралуу кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат.