«Атамбаев бир кубарып, бир кызарып жатты» дейт жактоочусу. Экс-президентти 47-колонияга Тез жардам менен алып кетишти

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келинген экс-президент Алмазбек Атамбаев абалы начарлап, ага Тез жардам чакыртылды. Көп өтпөй мурдагы президентти Тез жардамдын коштоосунда 47-колонияга алып кетишти.

«Сот залынан деле анын абалын көрдүңөр. Унаада отуруп же туруп кете албаганына байланыштуу Тез жардам менен алып кетишти. Бригада мурдагы президенттин кан басымын, сатурациясын текшерип, ЭКГ (электрокардиография) да кылып көрүштү. Кан басымы улам түшүп, кайра көтөрүлүүүдө. Атамбаев бир кубарып, бир кызарып жатты. Эртең соттук процесске катыша алабы же жокпу, азырынча билбейм», — деди жактоочусу Сергей Слесарев.