Атамбаев менен Ниязов үй камагына бошотулду. Бирок мурдагы президент абакта калат

Бүгүн, 28-июнда Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча өкүм чыгып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов үй камагына чыкты. Бирок мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттолгондуктан абакта калат, ал эми президенттик аппараттын мурдагы башчысы сот залынан тарапташтарынын коштоосунда чыгып кетти.

Октябрь окуясы боюнча бардык фигуранттар ишинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталышты.