Атамбаев: «Түрмөдө баары мени сыйлап турушат, «карасы» да, «кызылы» да»

«Түрмөдө баары мени сыйлап турушат, «карасы» да, «кызылы» да». Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунда журналисттерге билдирди.

Мурдагы өлкө башчысы аны Петровка айылындагы 8-колонияга которууну суранганын айтты. «Ал жакта мени карга жылаңайлак сүйрөп чыкпайт деп ойлойм. Бирок муну мен чечпейм. Түрмө деген түрмө. Кызматкерлер мени менен сүйлөшүүдөн чочулашат. 47-колониядагы соттолгондор мага жакшы мамиле кылышат. Категориясына карабай, «карасы» да, «кызылы» да, баары мени сыйлап турушат. Анын үстүнө мен аларга караганда улуумун, алар мага балдардай эле. Соттолгондор үчүн түзүлгөн шарт 21-кылымга жооп бербейт», — деди экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Биринчи Май райондук сотунда Октябрь айындагы окуялардагы башаламандык тууралуу кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат.