Атамбаевге дагы бир айып тагылды. Ал Июнь окуясы боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы бир айып тагылды. Бул тууралуу жактоочусу билдирди.

Анын жактоочусунун айтымында, Атамбаев Июнь окуясы боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.

Буга чейин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Исмаил Исаковго, Бектур Асановго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге айып тагылган.