«Атасы мектепке унаа менен алып барчу». Нарында киши колдуу болгон 7 жаштагы кыз тууралуу маалымат

Нарындагы Орто-Нура айылында 7 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Шектүү катары мас абалындагы 1959-жылы туулган ошол эле айылдын тургуну кармалган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын атасынын бир тууганы менен байланышканыбызда, шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кеткени маалым болгон. 

«5 бир туугандын үчүнчүсү болчу. Мектепке 2-3 чакырым алыс барып-келип окучу. Кышында атасы унаа менен ташып жүргөн. Күн жылып, жазгы талаа иштери башталганда, алып барып-алып келүү үзгүлтүккө учурап калып жаткан. Азыр ата-энесине да оор болуп жатат. Кызыбыз мектептен кечигип жатканынан издеп баштап, ушундай оор нерсеге туш болдук. Мындан улам айылда арак сатуу маселеси да каралды. Шектүү өмүр бою эркинен ажыратылат деген ойдобуз жана ушундай талап коёбуз. Эгер өлкөдө акыйкаттык болсо, аны өмүр бою эркинен ажыратыш керек. Муну өлүм жазасына тартуу аздык кылат», — деди ал.

28-апрель күнү саат 21:00 чамасында Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну милицияга 2016-жылы туулган кызы саат 15:30 чамасында мектептен чыгып, ошол бойдон үйүнө келбей жатканы тууралуу маалымдаган.