«Атасынын унаасын айдап кеткен». Кара-Көлдө эки өспүрүмдүн өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Кара-Көл шаарындагы жол кырсыкта эки өспүрүм көз жумганын билдирген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти.

Маалыматка караганда, Subaru Outback унаасын 2005-жылы туулган өспүрүм башкарып бара жаткан. Унаа анын атасына катталган. Ал Бишкектен Ошту көздөй бара жатып, рулган ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2006-жылы туулган эки өспүрүм жана 2007-жылы туулган өспүрүм алган жаракатынан ооруканага жеткирилген. Ал эми дагы 2006-жылы туулган 2 өспүрүм ооруканада көз жумган.