Буга чейин ӨКМден Кара-Көл шаарындагы жол кырсыкта эки өспүрүм көз жумганын билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришип, Subaru Outback унаасын 2005-жылы туулган өспүрүм башкарып бара жатканын, унаа анын атасына катталганын, ал рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, кырсыктын кесепетинен 2 өспүрүм көз жумганын билдиришкен. Ошол күнү ооруканада 2006-жылы туулган дагы бир өспүрүм каза болгон.
Кечээ, 29-августта дагы бир 2007-жылы туулган өспүрүм көз жумду. Маалыматты журналисттерге шаардык ооруканадан тастыкташты.