Атка чынжыр менен байлап сүйрөткөн. Кочкордо 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды

Кочкордо сөөгү сарайдан табылган келиндин өлүмүнө күйөөсү шектелип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

23-январда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылындагы Тынай-Булактагы сарайлардын биринен 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылган.

Маалыматтарга караганда, 23-январь күнү кечке жуук шектүү мас абалда үйүнө келип, келинди ур-тепкиге алып, катуу сабаган. Келин күйөөсүнөн качып, мал бактырган кишинин үйүнө барган. Күйөөсү келиндин артынан барып, аны чынжыр менен атка байлап, өздөрү жашаган сарайга чейин сүйрөтүп келген. Коңшулары окуя болгон жерге барганда келиндин жансыз денеси жанчылган абалда табылган.