Аткезчилик жүктү Тажикстандын аймагына алып өтүүдө чек арачылар ок чыгарды

24-26-декабрь күндөрү Баткен облусунун Лейлек районунда мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылынган бир нече фактыларга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

26-декабрь күнү Ички иштер министрлигине караштуу Ички аскерлигинин аскер кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте аткезчилике бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында Лейлек районуна караштуу Ак-Сарай жерлигинде кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын 1995-жылы туулган жарандын башкаруусунда Мерседец-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын кармашкан. Транспорт каражатын токтотуу үчүн ИИМдин Ички Аскерлигинин аскер кызматкерлери курал колдонгону, тактап айтканда эскертүү иретинде асманга үч жолу ок атышкан. Транспорт каражатын текшерүү учурунда 20 рулон тигүү үчүн кездеме материалдары аныкталган жана бул жүктөргө айдоочуда тиешелүү документтери болгон эмес. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда жүктү Тажикстандын аймагына алып өтүшмөкчү болгон.

24-декабрда Лейлек районуна караштуу Катта-Туз – Арка унаа жолунун аймагындагы Ак-Сарай жерлигинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын жарандарынын башкаруусунда Мерседец-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү үч унаасын кармашкан. Унааларды текшерүүгө алуу учурунда жүктөргө тиешелүү документтери жок 230 рулон тигүү үчүн кездеме материалдары жана 4 боолонуп оролгон кийим-кечелер аныкталган. Айдоочулардын айтуусу боюнча бул жүктөрдү Тажикстандын аймагына алып өтүшмөкчү болушкан. Алдын ала алынган маалыматтардын негизинде кармалган жүктөрдүн жалпы суммасы 1,5 миллион сомдон ашуун сумманы түздү.

Тиешелүү иш кагаздары толтурулгандан соң айдоочулар жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүп берилди.