«Аты-жөнүн алмаштырып…» Орусияда Кыргыз жаранына сот өкүм чыгарды

Самара облусунда 40 жаштагы Кыргыз жаранына сот өкүм чыгарды.

Жалпыга маалымдоо каражаттары облустук прокуратурага таянуу менен 2019-жылы кыргызстандык өлкөгө кирүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Орусиядан чыгарылганын кабарлашкан. Ага беш жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Ал мекенине кайтып келип, аты-жөнүн өзгөрткөн. Жаңы документтер менен ал адам эки жолу чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Самарага барган. Орусиянын күч түзүмдөрү алдамчылыктын бетин ачып, кылмыш ишин козгоп, материалдарды карап чыгып, сот кыргызстандыкты бир жылга колонияга эркинен ажыраткан.